Чүйдө интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 2 кыз жана администратор кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-декабрда милиция Токмок шаарындагы батирлердин биринде интимдик кызмат көрсөтүп келген 1991 жана 2001-жылы туулган 2 кызды аныкташкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары кызмат көрсөткөн жайдын администратору 1984-жылы туулган А.Г. аныкталып, андан далил катары акча жана буюмдар алынган.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө А.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми 2 кыздын аракетине тергөөнүн жүрүшү менен юридикалык баа берилет", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.