Балыкчыда сууга түшүп кеткен эки өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 8-январда саат 15:29да Балыкчы шаардык №19 ӨКБнын нөөмөт бөлүмүнө Озерная кѳчѳсүндөгү 8-кѳлмѳсүндѳ 2 бала муз тээп жатып, сууга түшүп кеткендигин милиция кызматкери билдирген.
Ага ылайык, жерине ыкчам түрдө 4 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен тартылган. Куткаруучулар чала тоңгон көлмөнүн музун жирей сүзүп, балдарды куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман алып чыгышкан.
"Жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Учурда балдардын абалы жакшы, бейтапканада дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.