Ош шаарында кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн жаран видео байкоо аркылуу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Ош шаарынан милиция кызматкерлери, буга чейин кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча издөөгө алынган Ош облусунун А.А. аттуу тургуну коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармаган.
Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал кылмышка шектүү болуп, бирок качып жүргөн.
Белгилей кетсек, ага карата 2021-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.