Баткенде Toyota Land Cruiser унаасынан ири өлчөмдөгү наркотикалык дары табылды (фото)

Баткенде "Допинг" иш-чарасы учурунда наркотикалык дарыларды ташууга шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, ОИИБдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагындагы Ош — Исфана жолунда Ош шаарынын 32 жаштагы А.А. аттуу тургуну башкарып бара жаткан Toyota Land Cruiser автоунаасын текшеришкен. Жыйынтыгында унаанын ичинен Лирика, Зардекс аталышындагы капсула сыяктуу заттарды табышкан.
"Шектүү Зардекс дарысынан 2 700 куту, ал эми Лирика дарысынан 400 куту алып баратканы такталып, аларга тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.
Аталган факты Кадамжай РИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталганы кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан