Чүй облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун эң улуу ардагери, 100 жаштагы Кошкоро Жаманкуловго мамлекеттен белек катары Кара-Балта шаарынан батир тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
1924-жылы туулган ардагер Кошкоро Жаманкулов учурда кичүү уулу, келини жана неберелери менен Суусамырда, Кайсар айылында жашайт. Аксакалдын үй-бүлөсү чоң – 7 баласы, 31 небереси жана 58 чөбөрөсү бар.