Кызыл-Кыя шаарында баңгизатын алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Кызыл-Кыя шаарынын 59 жаштагы С.К. аттуу тургунун тинтүү учурунда анын жанынан 6 даана өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү баңгизатына окшогон зат табылып алынган.
Алынган затка тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусунда аз өлчөмдөгү гашиш наркотикалык зат экендиги аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.