Казакстанда 10 килограмм баңгизаты менен кыргызстандык кармалды

Бишкек ШИИББинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери менен Казакстандын ИИМинин Транспорттогу баңгизаттарды ташууга каршы күрөшүү башкармалыгы биргеликте Чу станциясында Орусияга маңзат ташууда бөгөт коюу операциясын ишке ашырышты. 
Бул тууралуу 18-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Кыргызстандын жараны Бишкек-Свердловск поездине жайгашарда кармалып, анын баштыгынан 10 килограмм баңгизат табылган. 
Аталган факты боюнча “баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо, ташуу жана даярдоо” беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан