Коңшу мамлекеттен Кыргызстанга бодо малды мыйзамсыз алып келген факты аныкталды

Казакстандан Кыргызстанга 50 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Талас облусунун аймагындагы контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө коңшу мамлекеттен Кыргызстандын аймагына бодо малды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды.

"Ушул жылдын 5-январында Талас районундагы Көпүрө-Базар чек ара айылынын "Чон-Кыя" аймагында УКМК жана Чек ара кызматында иштегендер Т.Р. аттуу Кыргызстандын жаранынын контрабандалык жол менен 50 баш ири мүйүздүү малды Казакстандан Кыргызстанга алып өтүү ишин токтотушту", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул факты боюнча жагдайларды жана адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан