
Бишкектеги стоматологиялык клиникалардын биринде көз жумган үч жаштагы бөбөктүн өлүмүнө байланыштуу дайындалган экспертизанын жыйынтыгы ушул аптанын ичинде чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун жетекчисинин орун басары
Эрнис Акунов билдирди.
Анын айтымында, бардык лабораториялык анализдер алынган.
Эске салсак, декабрдын аяк ченинде наристенин өлүмү тууралуу маалыматты адвокат Канат Хасанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген. Анда ата-энеси анын тишин тазалатканы стоматологияга алып барып, наркоз берилген соң көз жумганын айтышкан.
Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча атайын
комиссия түзүлгөнүн билдирип, клиника тергөө аяктаганга чейин убактылуу жабылган. Ал эми медициналык борбордун директору убактылуу иштен четтетилген.
Ошол эле учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, бардык экспертизалар дайындалган.