Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен Эстебесовдун кылмыш иши кайра жанданды (видео)

Бүгүн, 9-январда Сокулук районунун Селекция айылында мурдагы жубайын бычактап, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовдун иши Чүй облустук сотунда каралууда.

Жабырлануучунун жактоочусу Индира Саутованын айтымында, мында негизги иш боюнча эмес Асел Ногойбаеванын биринчи арызынын негизинде каралууда.

Тагыраагы, Ногойбаева кулак-мурду кесилген каргашага чейин мурдагы күйөөсүнө карата эки жолу арыз жазган.

Биринчи жолкусунда райондук сот келиндин тосмо арызынын негизинде айыпталуучуну бошоткон. Ошол токтотулган кылмыш иши Сокулук райондук прокуратурасынын өтүнүчү менен жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра жанданды.

Бүгүн айыпталуучуга эмне айып коюлганы айтылат. Сот жабык өтүүдө.

Белгилей кетсек, Ногойбаеванын экинчи арызы Сокулук райондук соту айыпталуучуну үч жылдык мөөнөт менен пробациялык көзөмөлгө алууну өкүм кылган.

Жабырлануучу сот чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган. Облустук сот жабырлануучу бычакталгандан кийин гана, айыптууну сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Чүй облустук соту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан