К.Асанбектин (Көлбаев) кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысына байланыштуу дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, 8-январда В.Р. аттуу жаран Жазык-процесстик кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнө (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) ылайык кармалып, атайын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Шектүү Көлбаевге таандык болгон «Березка» мончо комплекси, "Барс" эс алуу борбору, "Каганат Резорт" эс алуу борбору, Чолпон-Ата шаарындагы "Ордо" соода борбору жана "Сейил" шаарчасындагы коттедждердин курулушуна биргелешип катышып келген.
Учурда УКМК тарабынан Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.