Кыргыз-тажик чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалымдалгандай, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Алай кырка тоолорунда, Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышты карай 11 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 132 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер силкинүү Кыргызстандын калктуу пункттарында сезилген эмес.