"110 миң сом акчасын алган". Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ош шаарында алдамчылыкка шектүү катары тейлөө кызматында иштеген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын август айында Ош шаарында тейлөө кызматында иштеген М.Ж. аттуу жаран А.Р. аттуу жарандын ишенимине кирип, мамлекеттик каттоо кызматына жумушка киргизем деп 110 миң сом акчасын алган.
Бирок ал жумушка киргизбей, алган акчасын кайтарып бербей качып кеткени айтылат.
"Бул окуя боюнча А.Р арыз менен кайрылып, Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында алдамчылык фактысына шектелип Ош шаарында калкты тейлөө кызматында башкы оператор болуп иштеген 30 жаштагы М.Ж. аттуу жаран кармалган.
Ал убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда", - деп жазылат анда.
Анын баш коргоо чарасы сот органдары тарабынан бүгүн, 10-январда каралат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан