Жалал-Абад шаарында 14 жаштагы кыз мейманканада зордукталды

Жалал-Абад облусунда 14 жаштагы кыз мейманканада зордукталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Кабарлангандай, Аксы РИИБине 1978-жылы туулган жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 2-январь күнү саат 22:00 чамасында 14 жаштагы кызын 31 жаштагы киши Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде зордуктап койгондугун билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул окуя Аксы милициясы тарабынан каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Жалал-Абад ШИИБине жиберилген.

Милициядан кошумчалашкандай, кыздын зордукталганы аныктала элек. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, бирок анын жыйынтыгы чыга элек.

Ал эми өспүрүмдү зордуктоого шектүү Сузак районунун Ырыс айылынын 30 жаштагы тургуну экени аныкталган.

Текшерүү уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан