Биз социалдык тармакта

Тоо кырсыгынын куткаруучулары байланыш жана атайын шаймандар менен камсыздалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тоо кырсыгынын куткаруучулары байланыш жана атайын шаймандар менен камсыздалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликтин каржылоосу менен тоо-кен куткаруу иштеринде колдонулуучу заманбап байланыш каражаттары менен камсыздалды. Орусиядан келген шаймандардын арасында ар кандай газдарды өлчөөчү, газдан уулануу учурунда тез жардам көрсөтүүчү медициналык жабдыктар да бар экени айтылат.
"Өткөн жыл ичинде аталган кызмат үчүн министрликтин каржылоосу менен JAC үлгүсүндөгү пикап унаасы да алынган. Мындан сырткары, ички каражаттын эсебинен эскилиги жеткен куткаруу шаймандары жаңыланып, өздүк курам үчүн кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан