
Ош шаарында 20 жаштагы келин дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, 5-январь күнү милицияга Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 2004-жылы туулган Кочкарова Сахибохон Хикматтуллаева аттуу 2004-жылы туулган кыз 28-декабрь күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугун билдирген. Күйөөсүнүн айтуусунда өздүк документтерин алып кеткен.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык-чырай, ак жүздүү. Жоголгон күнү үстүндө кара күрмө, кара шымчан болгон. Сүрөтү тиркелет.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүму бул келин тууралуу маалыматыңыздар болсо (03222) 4-82-82, 0504-44-55-41, 0755-80-47-01 телефондору аркылуу байланышып коюшуңуздарды суранат.