Ош эл аралык аэропортунда ок-дары алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 6-январь күнү Өзгөн районунун 2004-жылы туулган тургуну М. уулу Б. Ош эл аралык аэропорту аркылуу Орусияга учуп кетүү үчүн келип, текшерүүдөн өтүп жатканда анын сумкасында 1 даана белгисиз калибрдеги патрон жана 1 даана кастет бар экендиги аныкталган.
Бул факты Ош облустук ички иштер башкармалыгына каттоого алынып, тийиштүү текшерүү иштери башталган. Белгисиз калибрдеги патронго жана кастетке тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Эскпертизанын корутундусуна ылайык, патрон- АКС-74, АКС-74У, АК-74 жана РПК-74 автоматтарына колдонулуучу 5,45 калибрдеги атууга жарактуу ок экендиги аныкталган.
Топтолгон материалдын жана экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү М. уулу Б. тергөө кызматына камсыз болду.
Учурда окту кайдан алгындыгы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.