Орусияда оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Ал видео байкоого түшүп калган

Бишкекте жүзүн таануучу видео байкоо камераларынын жардамы менен эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, буга чейин Орусия өлкөсүндө оор кылмыш жасап качып кетип, эл аралык издөөгө жарыяланган Б.М аттуу жаран кармалган.
"Ал коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу функциясы бар видео байкоо камераларынын жардамы менен аныкталган.
Ага карата 2015-жылы Орусиянын аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасынын камакка алуу түрү тандалган", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан