Токмок шаарында батир өрттөөгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
7-январда Токмок ШИИБине арыз менен Токмок шаарынын тургуну 1955-жылы туулган Ц.А. аттуу жаран кайрылган. Арызында ал 6-январь күнү саат 22:00 чамасында Токмок шаарындагы Борончиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батиринин эшигин сындырып, өрттөп кетүүгө аракет жасаган белгисиз адамга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары Токмок шаарынын тургуну, 1947-жылы туулган С.Х. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.