Биз социалдык тармакта

Билим берүү министрлиги жетекчилик кызматтарга сынак жарыялады. Талаптар

Кечээ, 10-январда Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилик кызматтарына сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматтарга караганда, каалоочулар документтерди ушул жылдын 10-январынан баштап, 23-январь күнү саат 18:00гө чейин тапшыра алышат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
  • арыз;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган баракча (жашаган жеринин дареги жана байланыш телефон номерин жазуу керек);
  • резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалым кат);
  • билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  • Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
  • окуу жайды өнүктүрүү боюнча иш планы;
  • Дело №.
Документтерди кабыл алуу дареги: Бишкек шаары, Касым Тыныстанов көчөсү, 257, Билим берүү жана илим министрлиги, 219-кабинет.
Сурап-билүү телефондору: 0312 62 05 09.
Ал эми толук маалымат шилтемеде .
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан