Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов төкмө акын Элмирбек Иманалиевге "Кыргыз Эл Баатыры" наамын берүүнү сунуштады.
"Элмирбек Иманалиевдин 17-январь туулган күнүнө байланыштуу иш-чара өткөнү жатат. Ушуга жардам берип, колдон келсе ушул жигитти "Кыргыз Эл Баатыры" наамына сунуштайт элем. Бул жигиттин орду акындардын арасында эле эмес, Кыргызстандын ичиндеги инсандык орду бөлөк", - деди ал.
Ошондой эле Кундузбек Сулайманов Ош-Бишкек жолунда өрттөнүп кеткен бензовоздун айдоочусун сактайм деп каза болгон эки кызматкер дагы баалоого татыктуу экенин кошумчалады.