Бишкекте 2004-жылы туулган кыз сойкулук уюштурууга шектелип кармалды

Бишкекте кыздарды сойкулукка үндөөгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Биринчи Май РИИБинен билдирди.

Ага ылайык, кечээ, 10-январь күнү болжол менен саат 03:24 чамасында милицияга Ашхабад көчөсүндө интимдик кызмат көрсөткөн жай уюштурулгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган С.Р. аттуу кыз кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы тапта тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан