Биз социалдык тармакта

"Кар жаайт". 12-январга карата аба ырайы

Эртең, 12-январда түнкүсүн көпчүлүк аймакта кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалымдалгандай, күндүн биринчи жарымында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар, жаан аралаш жаашы мүмкүн. Ал эми түштөн кийин жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…0, күндүз +1…+6,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +2…+7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-10, күндүз -7…-2 градуска жетет.

Баш калаада 12-январга караган түнү кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +4…+6 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан