УКМК Фейсбукта аймактагы адамдардын өзгөчөлүгүн пропагандалаган жаранды тинтүүгө алды

Фейсбук социалдык тармагына тенденциялуу материалдарды жарыялаган адамдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, К.К. аттуу жарандын Фейсбукта региондорго таандык белгилери боюнча адамдардын өзгөчөлүгүн пропагандалоого багытталган тенденциялуу, провокациялык материалдарды жарыялаган ишмердиги аныкталып, ага бөгөт коюлган.

Анын үйүнө 9-январда тинтүү жүргүзүлүп, аймактар аралык тынчтыкка жана ынтымакка каршы кылмыш жасоого колдонулган уюлдук телефон табылып алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан