Биз социалдык тармакта

Окуучулардын улуттук олимпиадасы 20-январда башталат

20-январда Кыргызстанда математика, физика, биология, химия жана информатика сабактары боюнча улуттук олимпиада башталат. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, олимпиаданын I, II этаптары онлайн режиминде, III, IV этаптары офлайн режиминде өткөрүлөт.

Олимпиаданын I этабы төмөнкү графикке ылайык онлайн режиминде өтөт:

  • физика боюнча – 20-январь (саат 14:00дөн 17:00гө чейин), 21-январь (саат 10:00дөн 13:00гө чейин);
  • биология боюнча – 20-январь (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 21-январь (саат 14:00дөн 17:00гө чейин);
  • математика боюнча – 27-январь (саат 14:00дөн 18:00гө чейин), 28-январь (саат 09:00дөн 13:00гө чейин);
  • информатика боюнча – 20-январь (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 28-январь (саат 14:00дөн 17:00гө чейин);
  • химия боюнча – 3-февраль (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 4-февраль (саат 10:00дөн 13:00гө чейин);

Олимпиаданын II этабы төмөнкү графикке ылайык онлайн режиминде өтөт:

  • информатика боюнча – 10-11-февраль (саат 10:00дөн 13:00гө чейин);
  • физика боюнча – 17-февраль (саат 14:00дөн 17:00гө чейин), 18-февраль (саат 10:00дөн 13:00гө чейин);
  • биология боюнча – 17-февраль (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 18-февраль (саат 14:00дөн 17:00гө чейин);
  • математика боюнча – 24-февраль (саат 14:00дөн 18:00гө чейин), 25-февраль (саат 09:00дөн 13:00гө чейин);
  • химия боюнча – 24-февраль (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 25-февраль (саат 14:00дөн 17:00гө чейин).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан