Мамлекетте төңкөрүш жасоого аракет кылган активист Тилекмат Куренов менен Имамидин Ташовдун өнөктөштөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Мурдараак маалымдалгандай, УКМК конституциялык түзүлүштү жана эгемендүүлүктү коргоо маселелерин чечүүнүн алкагында Имамидин Ташов жана Тилекмат Куренов тарабынан өлкө аймагында кийин күч менен басып алуу менен массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү фактысын аныктаган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө Имамидин Ташов менен Тилекмат Куренов тергөөдөн жашырынып жүргөндүктөн издөөгө алынган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан Ташовдун жана Куреновдун ондогон тарапташтары жана активдүү өнөктөштөрү аныкталып, алар тиешелүү түрдө суракка алынып, ар тараптуу көрсөтмөлөр берилген. Анын ичинде И.Ташовдон даярдык жана уюштуруу иштерин каржылоо боюнча маалымат алынды. Ошентип айрым негизги фигуралар кармалып, аларга карата бийликти кулатуунун кылмыштуу пландарына катыштыгы бар экендиги тууралуу ырастоочу маалыматтар алынган.
"М.А.И. аттуу жаран Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча координатордун милдетин аткарып, ар кандай негиздер боюнча массалык нааразылык акцияларын өткөрүү үчүн адамдарды чогултуп, уюштурушу керек эле, анын милдеттерине ошондой эле элди чогултуу жана уюштуруу, адамдары Бишкекке ташуу милдети болгон. Мындан тышкары, Талас облусунан К.А.К. аттуу жаран алынып келинген. Анын негизги милдети АКШда ар кандай адамдардан акча которууну уюштуруу болгон. Мындан тышкары, Имамидин Ташовдон анын наамына ири өлчөмдөгү акча каражаттары которулгандыгы боюнча бир нече фактылар аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.