
Жалал-Абад шаарында издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, адамдын жүзүн таануу функциясы бар видеобайкоо камераларынын жардамы менен Жалал - Абад облусунун тургуну Ш.Л. аттуу жаран кармалган.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо, билип туруп жалган расмий документти пайдалануу) боюнча издөөдө жүргөн.
"Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал кылмышка шектүү болуп, бирок качып жүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.