Москвада таксист болуп иштеген кыргызстандыктын сөөгү унаасынан табылды

Орусиянын Москва шаарында унаанын ичинен кыргызстандык жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 10-январда аталган мининстрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө унаадан (Яндекс такси) кыргызстандык болушу мүмкүн делген адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Өкүлчүлүктүн кызматкерлери туугандарына сөөктү алуу жана аны мекенине репатриациялоого даярдоо үчүн керектүү документтерди тариздөөдө көмөк көрсөтүштү. Болжолдуу түрдө сөөк 12-январда мекенине жөнөтүлөт.

1987-жылы туулган С.Н.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө органдары тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле маркумдун жакындарына 70 миң рубль өлчөмүндө сөөктү репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөм берилери кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан