Мас абалындагы адам Жол-кайгуул кызматынын инспекторуна кол көтөргөн. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, инспектор жумуштан кийин үйүнө бара жатып дүкөнгө кайрылган. Анан жанына бир кыз чуркап келип, мас адамдан коргоосун өтүнгөн. Ошол учурда мас киши "кой-ай" дегенге болбой МАИ кызматкерине кол көтөрө баштаган. Андан соң белгисиз жакка из жашырып кеткен. Көп өтпөй Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну кылмышка шектелип кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.