Мекендешин өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен Пакистандын жарандары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Чүй ОИИББнен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 22-декабрында Көк-Жар конушунда жеке турак жай куруп жаткан пакистандыктар М.И. менен Ю.Ф. уруша кетишкен. Уруштан М.И. мекендешин бычак менен 3 жолу сайып, качып кеткен.
Окуя тууралуу билген бригадир Кыргыз жараны Т.М. милицияга кабарлабай башка пакистандыктар менен жаракат алган адамды Ак-Өргөдөгү үйүнө алып барган. Ал 15 миң сомго Улуттук госпиталдын дарыгери Д.Ж. менен үйүндө операция жасоого макулдашкан.
8-январда жаракат алган адам качып чыгып, милицияга кайрылган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесине (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) ылайык иш козголгон.
Шектүү катары 1993-жылы туулган М.И. жана 2001-жылы туулган А.М.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошондой эле 8 чет элдик жаран, алардын бригадири 1992-жылы туулган Т.М. жана 1995-жылы туулган хирург Д.Ж. облустук милицияга жеткирилген. Аларга байланыштуу кылмыш иши өзүнчө тергелип, ар биринин аракетине юридикалык баа берилет.
Учурда тергөө иштери уланууда.