Арстан Алайдын өлүмү: Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) каза болгон фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Текшерүүдө, Жазаларды аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жоопту кызмат адамдары “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарын аткарбай, айыпкер Арстанбек Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракеттерди жасап жаткан учурга көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөндүктүн 31-мекемеде Арстанбек Абдылдаев өз өмүрүнө кол салып, асынып каза болгондугу аныкталды", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү Аскер прокуратурасына тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uri24
2024-01-11 16:38:00
Адам олумуно Садыр кунолу. Садырдын буйругу менен адам олтурулду
-1
Azat-123
2024-01-11 18:50:00
Uri24 калп эле тантый бербечи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан