Биз социалдык тармакта

Алымкадыр Бейшеналиев Пакистанда фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Пакистанда фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, Пакистандын Исламабад шаарында өтүп жаткан саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммиттин алкагында министр Алымкадыр Бейшеналиев Пакистандын бир катар фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
Бул жолугушуулар фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда саламаттык сактоо жана фармацевтика тармагында кызматташуу жана өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү, Пакистандын ири фармацевтикалык компаниялары менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланганы айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан