Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-январда Бишкекте Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча издөөдө жүргөн У.Б. аттуу аял жана У.Ф. аттуу адам кармалган.
Шектүүлөр Жал кичи районундагы жүзүн таануу системасы орнотулган байкоо камералары аркылуу аныкталган.
Ошондой эле "Аталган жарандар 2021-жылы Орусияда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү боюнча козголгон кылмыш иши менен эл аралык издөөгө алынган", - деп айтылат маалыматта.