"Арал" жана "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек—Ош унаа жолунда кар жаап жатат. Ага байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Чүй облусунун "Сосновка" жана Токтогул районундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечки саат 17:20дан тарта чектөө киргизилди.