
Орусиянын Сочи жана Краснодар шаарларында мекендештерге көчмө консулдук кызматтар көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Ага ылайык, адистер 12-13-14-январь күндөрү жарандарга паспорт алуу, айдоочулук күбөлүктөрүн тариздөө жана башка консулдук кызматтар боюнча жардам беришет.
"Жарандарды кабыл алуу бүгүн, эртең Краснодар шаары, Красный Партизан көчөсү, 32-үй, 4-кабат дарегинде жүргүзүлөт. Аталган шаардагы ардактуу консулдун жардамчысы Ткачев Николай кабыл алат. Байланыш номери: +7 (988) 245 43 02.
14-январда Сочи шаары, Киров көчөсү, 46. Сочи шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидери Аргымбаева Айкан. Ага +7 (988) 286 51 20 номери аркылуу байланышууга болот", - деп айтылат маалыматта.
Элчилик Краснодар жана Сочи шаарында жашаган Кыргыз жарандарына, алардын туугандарына жана жакындарына мерчемделген көчмө консулдук кызмат жөнүндө кабарлоону эскертти.