Базар-Коргон районунун Салык кызматынын башчысы кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун базарларындагы жеке ишкерлерден салык инспекторлору тарабынан системалуу түрдө акча чогултуу боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

11-январда Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы Д.К.Т. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

"Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башчысы карамагындагы кызматкерлер ишкерлердин арасында аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн алардан туруктуу негизде акча алып жүргөндүгү аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан