Бүгүн, 12-январда "Арал" постундагы жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр бүгүн, эртең мененки саат 08:30да алынды.
Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, жүк ташуу унаалардын өтүшүнө чектөөлөр кечээ, 11-январь саат 17:00дөн баштап киргизилген.
Мындай чаралар Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынган.