"Телефонун тартып алган". Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөсү киши тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Биринчи Май РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-январда милицияга Т.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал бейтааныш адам ошол күнү саат 7:00 чамасында 13 миң сомдук Самсунг үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, качып кеткенин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1993-жылы туулган С.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүдөн далил катары тартып алынган телефон табылган. Ошондой эле ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турганы белгилүү болгон.

Азыркы учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан