Кыргызстандык альпинисттердин тобу Африкадагы эң бийик чоку делген Килиманжарону багындырды. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, экспедициядагы 16 адам деңиз деңгээлинен 5 895 метр бийиктикте жайгашкан чокуга 10-январь күнү саат 5:42де жеткен.
"Бул жерде -23 градус суук. Аба ырайынын өтө катаал шарттарында көтөрүлдүк, бирок биз муну жасадык! Мен Килиманджарого төртүнчү жолу экспедиция уюштуруп жатам, бирок мындай бороон-чапкынды биринчи көрүшүм. Төрт күн бою жамгыр, кар жаады. Команда мыкты иш жасады", - деп жазган ал.