Ош облусунда опузалап пара алууга шектелген сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.
Анда 2023-жылдын 23-декабрынан тартып С.С. аттуу Кара-Суу районунун сот аткаруучусу, чек арадан өтүү үчүн чектөөнү алып берем деп опузалап, пара талап кылып жаткандыгын билдирген.
Топтолгон материалдардын негизинде аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгону айтылат.
"Ушул жылдын 11-январь күнү жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Жогорку Сотко караштуу сот департаментинин, Ош облусунун Кара-Суу райондук САКБнын сот аткаруучусу, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси 1980-жылы туулган С.С. аттуу жаран 20 миң сом атайын белги коюлган акчаны алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары кармалган", - деп жазылат анда.
Учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кабарланат.