Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-январда милицияга Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси белгисиз жаран саат 22:30 чамасында кафелердин биринде 96 миң сомдук iPhone 14 үлгүсүндөгү телефонун жашы жете элек кызынан тартып алганын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 206-бересине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1984-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.