Чүй облусунун Сокулук районунда "жер мафиясын" уюштурган 5 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, "жер мафиясын" уюштургандар Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мурдагы "Кадастр" ишканасы) жооптуу кызматкерлери жана "гектарчылар".
Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кармалгандар:
Тергөөнүн жүрүшүндө кызмат адамдарынын Сокулук районундагы ВОССТ-2 участогунда жайгашкан 15 гектар жерди "гектарчы" Ж.Н.К.нын адамдарына мыйзамсыз каттоого катыштыгы бар экендиги аныкталган. Бул 15 гектар жер жеке турак жай үчүн 300 участокко 4 сотыхтан бөлүнгөн. Ар бири орточо эсеп менен 8 миң долларга бааланып, бардыгы 2 миллион 400 миң долларды түзөт. Мындан тышкары Ж.Н.К. Чүй облусунун аймагында аффилиацияланган жактар аркылуу 300 гектардан ашык жерге ээлик кылат. Анын 100 гектары Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагында, 200 гектары Ысык-Ата районунун Рухий Мурас конушунда жайгашкан. Бул жерлердин орточо баасы 81 миллион долларга бааланган.
Жер мафиясын уюштургандар мамлекеттик жана жеке менчиктен жер тилкелерин мыйзамсыз алып, кийин аларды сатуу үчүн коррупциялык схема уюштурушканы айтылат.
"Коррупциялык схемада Жер ресурстары кызматынын Сокулук филиалынын жооптуу кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана жеке нотариустар жасалма документтерди беришип, кийинчерээк жеке турак-жай куруу үчүн “жер мафиясынын” аффилиацияланган жактарынын пайдасына мамлекеттик актыларды чыгарышкан. Ж.Н.К. мыйзамсыз алынган жер тилкелерин сатуу үчүн калктын социалдык жактан аялуу катмарынын кызыкдар тобуна акча төлөп, жер тилкелерине укуктарды тез арада каттоого убада кылуу менен нааразылык акцияларынын уюштуруучусу болгон. Ушуга байланыштуу 2023-жылдын жаз-жай айларында Ж.Н.К.дан акча алган митингчилер Министрлер Кабинетинин имаратынын алдындагы массалык нааразылык акцияларында Сокулук районундагы Восст-2 жерлерин трансформациялоону тездетүү талаптарын бир нече жолу коюшкан", - деп айтылат маалыматта.
Учурда ушул сыяктуу коррупциялык схемаларды ачууга багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө.