Биз социалдык тармакта

"Күн жылыйт". Ишемби күнгө карата аба ырайы

Эртең, 13-январда Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13 градус,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12 даража болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14кө чейин жылыйт.

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-7, күндүз -6…-1.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +11…+13 градус жылуу болушу күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан