
Бүгүн, 12-январда Москвада каза болгон кыргызстандык таксисттин сөөгү Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-январда Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө Москва шаарында унаадан (Яндекс такси) болжол менен Кыргыз жараны болгон адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Учурда 1987-жылы туулган С.Н.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө органдары тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Белгиленгендей, мыйзамга ылайык маркумдун жакындарына 70 миң рубль өлчөмүндө сөөктү репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөм берилет.