
Бүгүн, 12-январга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 145 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы билдирет.
"Суунун агып келиши секундасына 143 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 536 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.