Бишкекте боулдеринг боюнча мелдеш жыйынтыкталды

15-декабрда Бишкекте боулдеринг боюнча (бийиктикти багынтуунун бир түрү) мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаштар арасында өткөрүлгөн мелдеште балдар жана кыздар арасындагы чемпиондор да өз-өзүнчө аныкталды.

1998-жылы төрөлгөн спортчулардан балдар арасында Руслан Голованов жеңүүчү аталса, кыздар арасында Екатерина Боголюбова алтын медаль тагынды.

Ал эми 1999-жылы төрөлгөнү тастыкталган спортчулар арасында жеңиш ээси Олег Шастин болсо, кыздардан София Латифулина утуп чыкты.

Кошумчалай кетсек, бул мелдештин жыйынтыгында 21-22-декабрда Казакстанда өтө турган мелдешке катыша турган курамдын мүчөлөрү тандалып алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dasmond
2013-12-18 11:59:48
Кыргыздар жокпу?
+1
elif
2013-12-18 12:20:40
kirgizdar too tashta tuzuk ele biyiktikke uyronup kalsa kerek ele emnege katishishbaptir....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан