Ак-Сай капчыгайында орусиялык альпинист куткарылды

Ак-Сай капчыгайында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен орусиялык альпинист куткарылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 12-январда ӨКМга туристтик компаниялардын биринен чалуу түшүп, анда Ак-Сай капчыгайындагы "Хижина Рацека" жайында орусиялык Е.Ефремова аттуу альпинист бутунан жаракат алганы маалымдалган.

"Жерине ӨКМнын Авиациялык издеп-куткаруу кызматынын тик учагы саат 13:30 учуп, аба-ырайынын катаал шартына карабастан, катуу шамалда "Рацека" мөңгөсүнөн ары 3 миң 800 метр бийиктикке конуп, жабырлануучуну куткарылган",-деп айтылат маалыматта.

Турист тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда абалы канааттандырарлык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан