Чүйдүн Токмок шаарында тургунду ок атуучу тапанча менен коркутуп, карактап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу милициянын маалыматында айтылат.
Белгиленгендей, окуя 11-январда болжол менен саат 19:00до болгон. 21 жаштагы жигит шаардагы автобекет жактагы жер алдындагы өтмөктөн өтүп баратканда белгисиз жаран тапанча менен коркутуп, акчасын тартып алган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 31 жаштагы В.А. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кармалган адамдан анын тапанчасы алынып, экспертиза дайындалган.
Тергөө иштери уланууда.