
Бүгүн, 14-январда Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жерлерине кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы
Чүй жергесинде 10…15;
Талас аймагында 7…12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында 10…15;
Ысык-Көл өрөөнүндө 3…8 даража жылуу.
Нарын облусунда -2…-7 суук болот.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы 13… 15 жылуу болушу күтүлөт.