Бишкек шаарындагы коомдук транспортто жол кирени көтөрүүнүн мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалыматында айтылат.
Буга чейин белгилүү болгондой, тарифтер 15-январдан тартып көтөрүлмөк.
Бирок мэриядан билдиришкендей, майрамдык эс алуу күндөрүнө байланыштуу тийиштүү токтомду даярдоо аягына чыга элек. Буга байланыштуу жүргүнчүлөр мурдагы баа менен каттай беришет.
Ал эми токтом качан даяр болуп, кайсыл күнү күчүнө кирери азырынча айтыла элек.